«Аракет» долбоорунун алкагында жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Эдельвейс конушунда суу түтүктөрүн жакшыртуу жана насостук станцияларды реконструкциялоо иштери ийгиликтүү аяктады. Бул иш-чаралар көп жылдан бери жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн суу көйгөйүн чечүүгө багытталган.

Мурун насостук станциялар тургундардын өз алдынча башкаруусунда болуп, техникалык адистердин жоктугу, жоопкерчиликтин так бөлүштүрүлбөшү жана түшүнүшпөстүктөр көптөгөн талаш-тартыштарга алып келген.

Реконструкциядан кийин, насостук станцияларды ким тейлей турганы боюнча талкуулар жүрдү. Натыйжада, мэрия стратегиялык чечим кабыл алып, насостук станцияларды «Ош шаардык суу каналы» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрдү.

Жакында тиешелүү токтом кабыл алынып, быйылкы жумада ишкана расмий түрдө башкарууну колуна алды. Эки моторист жана бир слесарь дайындалып, суу берүү процессин туруктуу көзөмөлдөөгө жана техникалык мүчүлүштүктөрдү тез арада жоюуга жооптуу болушат.

Бул кадам Эдельвейс конушунда туруктуу жана ачык суу менен камсыздоо системасын түзүүгө багытталган маанилүү жетишкендик.