Медиа мектеп программасынын алкагында катышуучуларга медиа-проекттерди ишке ашыруу үчүн техникалык колдоо көрсөтүлдү. Ар бир жабдуулар топтомуна штатив, стабилизатор, повербанк, микрофон жана лампа кирет.

Программага жалпы 20 катышуучу катышып, алар өз аймактарындагы социалдык маанилүү темаларды камтыган медиа-проекттерди жазышты. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир иш кылдат бааланып, чыгармачылыгы, теманын актуалдуулугу жана сапаты боюнча эң мыкты деп табылган 10 катышуучу тандалды.

Тандалган жеңүүчүлөргө медиа материалдарды даярдоодо жана жайылтууда керектелүүчү техникалык жабдуулар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул колдоо алардын ишинин сапатын жогорулатып, коомдук маанилүү маселелерди кеңири чагылдырууга өбөлгө түзөт.