2025-жылдын 16–17-августунда Ош шаарында мэриянын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) кызматкерлери үчүн мамлекеттик сатып алуулар, мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жана калк менен иштөө боюнча эки күндүк тренинг болуп өттү.

Тренинг интерактивдүү форматта өткөрүлүп, анда практикалык кейстер, топтук тапшырмалар жана ролдук оюндар колдонулду. Катышуучулар мыйзамдардын колдонулушун, электрондук мамлекеттик сатып алуулар платформалары менен иштөө тартибин, жылдык пландарды жана техникалык тапшырмаларды туура түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле ички процесстерди оптималдаштыруу, муниципалдык ишканалар менен кызматташуу жана жарандар менен системалуу иш алып баруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик сатып алуулардагы ачыктыкты камсыз кылууга, ички иш процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калк менен диалогду чыңдоого багытталган иш-аракет пландарын даярдашты.

Иш-чара Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кесиптик деңгээлин көтөрүүгө маанилүү салым кошту.