26-27-сентябрда Ош шаарындагы төрт жаңы конушта – Манас-Ата, Эдельвейс, Алай-2 жана Алай-1 конуштарында “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун алкагында семинарлар өттү.

Семинарлар “Үй-бүлө менен мектептин тыгыз байланышы – балдардын билимине жана тарбиясына багытталган маанилүү кадам” деген темада уюштурулуп, жаңы конуштардагы ата-энелер менен мектептердин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө, ата-энелердин бала тарбиялоодогу ролун күчөтүүгө жана балдардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.

Иш-чараларга белгилүү педагог, эл агартуу ишмери Гапыр Мадаимов катышып, ата-энелерге үй-бүлөлүк тарбия жана билим берүү боюнча практикалык кеңештер берди жана талкуулар уюштурду.

Ошондой эле семинарларга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тынчтыкбек Досмуратов катышып, ата-энелер менен мектептердин кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдирди.

Ал эми Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Акбарали Зундуев жана “Аракет” долбоорунун өкүлдөрү үч жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, долбоордун алкагында мектептерге интерактивдүү экран, проектор жана башка техникалык жабдуулар тапшырылганын белгилешти.

Мындан тышкары, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тынчтыкбек Досмуратов дагы мектептерге кошумча техникалык жабдууларды алып берүүгө убада кылды.

Семинарлардын жүрүшүндө “Аракет” долбоорунун алкагында даярдалган мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн акысыз кызматтар тууралуу маалыматтык баракчалар да таратылды.

Ар бир конуштан орточо 130 ата-эне катышып, жалпы төрт аймак боюнча 450дөн ашуун ата-эне жана мугалимдер иш-чарага тартылды. Катышуучулар билим берүү процессинде ата-энелердин активдүү ролу менен мектептин тыгыз кызматташуусу балдардын келечегине түздөн-түз оң таасир этерин белгилешти.

Бул эки күндүк семинарлар жаңы конуштардагы билим берүү процессин ата-энелердин колдоосу аркылуу жакшыртып, балдардын окууга болгон кызыгуусу жана жүрүм-туруму оң нукка өзгөрүшүнө багытталган маанилүү кадам болду.