Бүгүн, 20-ноябрда ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу институту «Аракет» долбоорунун алкагында экологиялык конференция уюштурулду.
Иш-чарага окумуштуулар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана студенттер катышып, шаардын жана аймактын экологиялык абалына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.
Конференцияда сел коркунучу, шаар жашыл аймактарынын абалы, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири жана региондогу мелиорациялык иштер боюнча баяндамалар сунушталып, адистер экологиялык туруктуулук үчүн биргелешкен аракеттердин маанисин белгилешти.
Студенттер үчүн экологиялык викторина жана мыкты видеоролик, постер жана изилдөөлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, жыйынтыгында активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара экологиялык маданиятты өркүндөтүүгө жана жаштарды жаратылышты коргоо жаатындагы демилгелерге тартууга багытталды.















