2025-жылы «Аракет» долбоорунун эки компонентинин алкагында максаттуу конуштарда жашаган жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү багытында билим берүү, маданий, спорттук, экологиялык жана социалдык иш-чаралар уюштурулду. Элдин потенциалын жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарга жетүүнү жеңилдетүү максатында депутаттар менен жолугушуулар, мобилдик медициналык, социалдык жана юридикалык консультациялар, санариптик сабаттуулук боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

Жамааттарды бириктирүү жана социалдык активдүүлүктү күчөтүү максатында Нооруз жана «Сармерден» майрамдары, интеллектуалдык квиздер, спорттук мелдештер, тимбилдингдер, экологиялык акциялар, мектептерге экскурсиялар жана билим берүү сабактары уюштурулду. Конуштардагы көйгөйлөрдү коомчулукка жеткирүү жана чечүүгө медиа колдонулуп, видеорепортаждар телеканалдарда жана социалдык тармактарда чагылдырылды, айрым маселелер боюнча жергиликтүү бийликтин реакциясы байкалган.

Мэрия өкүлдөрүнүн жана тиешелүү түзүмдөрдүн потенциалын жогорулатуу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, юридикалык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуулар өткөрүлдү. Долбоордун аймактарындагы активисттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кичи коомдук кеңештер, тегерек столдор, бюджеттик угуу, Координациялык кеңештин жыйындары, депутаттар менен жолугушуулар, ошондой эле экологиялык иш-чаралар жана форумдар уюштурулду. Жалпы иш-чараларга 3 300 адам катышты.