27-февралда Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу уюштурулду. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, жарандык коом уюмдары, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тургундар шаарды өнүктүрүүгө байланышкан бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти. Анын ичинде “Аракет” долбоорунун максаттуу конуштарында жашаган жарандар да өз аймактарындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алай 1, Алай 2, Эдельвейс конуштарындагы инфраструктураны жакшыртуу, суу маселеси, кош каржылоо долбоорлорунун шарттарын жеңилдетүү, коомдук транспорттун каттамдарын жөнгө салуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, ички жолдорду оңдоо, экология жана тазалык маселелери боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары үй-бүлөлүк жатаканалардагы көйгөйлөрдү, балдар аянтчаларынын жана балдар бакчаларынын жетишсиздигин белгилешти.

Жыйынтыгында шаардык кеңештин төрагасы жарандардын бардык кайрылуулары эске алынып, тиешелүү сунуштар шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизиле турганын билдирди.

Иш-чараны уюштуруу, ошондой эле шаар бюджетинин киреше-чыгашасы тууралуу маалыматтык китепчелерди жана баннерлерди даярдоо “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Адам укуктары боюнча Эдвокаси уюму тарабынан каржыланды.