Ош шаарынын Алай 2 конушунда жаңы поликлиниканын курулуш иштери башталды. Медициналык мекеме «Аракет» долбоорунун кичи грантынын жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен каржылык колдоосу менен курулууда.
Поликлиниканын курулушу конуштагы жашоочулардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Жаңы медициналык жайдын ишке берилиши менен Алай 2 конушунун тургундары жашаган жерине жакын жерде медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Курулуш иштерин Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.
Алай 2 конушунда поликлиниканын курулушунун башталышы жергиликтүү тургундардын көп жылдан бери көтөрүп келген социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча муктаждыктарын чечүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.




