1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Ош шаарында «Карысы бардын – ырысы бар» аттуу маданий иш-чара өттү. Иш-чара «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Иш-чарага «Алай-1», «Алай-2», «Эдельвейс» жаңы конуштарынан жана Манас-Ата аймагындагы 10 үй-бүлөлүк жатаканадан 40 улуу муундун өкүлү катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Ош шаарынын мэриясынын өкүлү жана долбордун өкүлдөрү тарабынан куттуктоо сөздөрүн айтылды.

Катышуучулар үчүн концерттик программа уюштурулуп, анда ыр-бий, музыкалык номерлер жана интерактивдүү оюндар тартууланды. Андан соң коноктор үчүн сый тамак уюштурулуп, иш-чаранын соңунда улуу муундун өкүлдөрүнө белектер тапшырылды.

Иш-чара улуу муунга урмат-сый көрсөтүү жана муундар аралык ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлдү.