Сузак районунун жашоочусу Бобирмирза Мамасидиков чек арадан өтүп жаткан учурда 90 грамм баӊги заты менен
Сузак районунун жашоочусу Бобирмирза Мамасидиков чек арадан өтүп жаткан учурда 90 грамм баӊги заты менен кармалган.
Ал кармалган учурда жергиликтүү психикалык саламаттык борборунун каттоосунда турган. Ага карата козголгон кылмыш иши боюнча адам укуктары боюнча «Эдвокаси борбору» тарабынан адвокат Абдукаюм Мирзакаримов жалданып берилген.
Июеь айынын башында аталган кылмыш иши боюнча соттук кароо өтүп, шектүүнүн оорулуу экенине байланыштуу Республикалык Кызыл-Жар психикалык ооруканасына мажбурлап дарылоо чечими чыкты.