Туран аймактык башкармалыгындагы «Алай 1» жана «Алай 2» конуштарынын жашоочулары үчүн 1-декабрь күнү «Үй-бүлөлүк» спорттук мелдеш болуп өттү. Үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте түзүлгөн командалар катышты. Иш-чаранын башкы максаты үй-бүлөлүк жана конуштар аралык ынтымакты бекемдөө жана спортко үгүттө.

Мелдешке Ош шаардык кенешинин депутаты Аида Раимбердиева, шаардык спорттук өспүрүмдөр мектебинин директору Бакыт Алиев, «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын кварталдык комитетинен Гулбарчын Толонова жана «GFA consulting group», Аракет долбоорунда 2-компонентинин менеджери Расул Момуналиев катышты.

«Алай 1» конушунда аталган иш-чара саат 10до башталып 12 команданын түздү. Оюндун жүрүшүндө «Нургелди» бир, «Аракет» эки, «Актуйгун» командасы үчүнчү орунду алды.

Ал эми «Алай 2» конушунда саат 2:30 да башталып, 14 командану түздү. Баш байгени «Ийгилик», экини «Аракет», үчтү «Ак туйгун» командасы багындырды. Спорттук мелдештин жыйынтыгында биринчи орунга телевизор, эки микроволновка, үч термопот жана башка балуу белектер берилди.

Аталган иш — чара Ош шаардык мэриясы менен биргеликте “Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу” Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору” тарабынан уюштурулду.