«Дени сак улут — дени сак өлкө»

30-ноябрь, «Эдельвейс» конушундагы жашоочулар үчүн «Үй — бүлөлүк» спорттук иш-чара болуп өттү. Тургундар атайын форма менен кызуу даярдыкта келип, белектерге ээ болушту.

Иш — чаранын максаты жергиликүү жашоочулар арасында дени сак жашоо образын калыптандыруу, жашоочулардын биримдигин жана үй — бүлөлүк мамилени бекемдөө. Ошондой эле спорт менен алектенүүгө тартуу. Аталган иш — чара Ош шаардык мэриясы менен биргеликте “Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору” тарабынан уюштурулду.

#ош#кыргызстан#эдельвейс#спорт#ишчара#аракет#денсоолук