19-декабрь Бишкек шаарында «Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн Аракет» долбоорунун биринчи жылындагы жасалган иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча форуму болуп өттү.

«Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» максатында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында ишке ашат.

Долбоор Ош шаарындагы Туран аймактык башкармалыгындагы «Алай 1», «Алай2», «Эдельвейс» конуштары жана «Манас-Ата» аймактык башкармалыгындагы жатакана жашоочуларынын камтыйт. Ал эми Бишкек шаарынан «Дордой 2», «Ак-Ордо 2», «Ак-Ордо 3», «Эркин-Тоо», «Алтын-Казык», «Адилет» жана «Ак-Жар» конуштары кирет.

«Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн Аракет» долбоорунун биринчи жыл жыйынтык форумуна Ош шаарындагы төрт конуштун жана Бишкек шаарындагы жети конуштарындагы демилгелүү топтордун мүчөлөрү аткарылган иш-аракеттин жыйынтыктары менен бөлүштү.

Ошондой эле аталган форумга Ош жана Бишкек шаарларынын жергиликтүү, өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун максаты бардык кызыктар тараптардын өнөктөштүгүн күчөтүү аркылуу өнөктөштүк долбоорунун натыйжаларын карап чыгуу.

Аталган долбоор мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жеке сектордун субъектеринин, анын ичинде жаңы конуштарда иштеген ишканалардын катышуусу менен иштеп жаткан системанын алкагында ишке ашыралат.

Ошондой эле үч компонентке басым жасайт. Биринчи компонент — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды чечүү үчун тез жооп берүүсү. Экинчи компонент — жаңы конуш жашоочуларынын мамлекеттик жана коомдук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу. Үчүнчү компонент — жаңы конуштарда жашаган аялдар үчүн жумуш жана киреше мүкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.