9-10-сентябрь күндөрү Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс конуштарынын жашоочулары менен «Аракет» долбоорунун II фазасына даярдык көрүү алкагында фокус-топтук жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларда жашоочулардын учурдагы абалы, негизги көйгөйлөрү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана конуштарды өнүктүрүү боюнча сунуштары талкууланды.

Алай-1 жана Алай-2 конуштарында жашоочулар негизинен кызмат көрсөтүү, сезондук жумуш, кол өнөрчүлүк жана үй шартындагы чакан өндүрүш менен алектенери белгиленди. Катышуучулар кызмат көрсөтүү, онлайн соода, кол өнөрчүлүк, жарым фабрикат жана кондитердик азыктарды өндүрүү, чакан жана үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүү багыттарын перспективдүү деп белгилешти.

Эдельвейс конушунда жашоочулар айыл чарбасы, мал чарбачылыгы, үй шартындагы чакан өндүрүш жана сезондук жумуштар менен алектенишет. Конуштун шаарга жакындыгы, жаратылышы жана таза абасы туризмди өнүктүрүү үчүн потенциал катары белгиленди. Ошондой эле айыл чарба жана мал чарбачылыгы, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү жана чакан ишкердикти өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Үч конуштун жашоочулары үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүү, аялдар жана жаштар үчүн киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ишкердик боюнча практикалык билим берүү жана жергиликтүү экономикалык демилгелерди колдоо маанилүү багыттар катары аныкталды.

Ошондой эле таза суу, жол жана транспорт маселелерин чечүү, пайдаланылбай турган инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу жана коомдук ынтымакты бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

Фокус-топтордун жыйынтыктары «Аракет» долбоорунун II фазасындагы иш-чараларды жана жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө багытталган колдоо чараларын пландаштырууда эске алынат.