Медиа сабаттуулук боюнча алган билимин жаштар эми өздөрүнүн теңтуштары менен бөлүштү. «Аракет» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан Медиа мектептин 3-этабы – «Жаштар кербени» жыйынтыкталды. Бул этапта жаш катышуучулар Ош шаарындагы мектептерде маалыматтык сессияларды өткөрүп, окуучуларга жалган маалыматты таануу, кастык тилине каршы туруу жана санариптик мейкиндикте коопсуз жүрүм-турум тууралуу маалымат беришти.

Медиа мектептин алгачкы этаптарында жаштар медиа сабаттуулук, дезинформацияны таануу, киберкоопсуздук жана кастык тилине каршы туруу боюнча билим алышкан. Ал эми 3-этапта алар алган билимдерин өздөрүнүн теңтуштары менен бөлүшүштү.

20–25-сентябрь күндөрү Ош шаарындагы жаңы конуштарда жайгашкан төрт мектепте маалыматтык сессиялар өткөрүлдү. Алар:

Ош шаарындагы №27 жалпы билим берүүчү мектеп;

Ош шаарындагы №70 жалпы билим берүүчү мектеп;

Учар айылындагы №28 жалпы билим берүүчү мектеп;

Нурлан Сайлиев атындагы №55 жалпы билим берүүчү мектеп.

Ар бир мектепте 60тан ашык окуучу маалыматтык сессияларга катышты. Жалпысынан 240тан ашык окуучу медиа сабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча маалымат алды.

Сессияларда окуучуларга жалган маалыматты кантип таануу, кастык тилине каршы туруу, санариптик мейкиндикте коопсуз жүрүм-турум жана жаштардын тынчтык жана диалог маданиятын жайылтуудагы ролу тууралуу маалымат берилди.

Медиа мектепке катышуучуларды тандоо алдында 50дөн ашык анкета келип түшүп, алардын ичинен 20 жаш катышуучу тандалып алынган.

Долбоордун негизги максаты – жаштардын маалыматты сын көз караш менен кабыл алуу көндүмдөрүн бекемдөө жана медиамейкиндикте жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун өнүктүрүүгө көмөктөшүү.