“Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясы жана Ош мамлекеттик университетинин мобилдик медициналык клиникасы менен биргеликте “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан үй-жатаканалардын жана “Алымбек-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу “Эдельвейс”, “Алай 1”, “Алай 2” конуштарынын жашоочулары үчүн “Ден соолук кербени” аталыштагы көчмө клиникаларды уюштурушту.

Клиникада эки күн, 5-6-июнда Ош мамлекеттик университетинин медициналык адистери, Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана АИВке каршы күрөшүү борборлорунун дарыгерлери тарабынан 23 жаштан 65 жашка чейинки жергиликтүү жашоочуларга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, АИВ-инфекциясына жана гепатит В вирусуна карата текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле, (ВИЧ) АИВ/СПИД жана вирустук гепатиттин алдын алуу боюнча тиешелүү маалыматтар берилип, терапевт, кардиолог, ЛОР, невропатолог, окулист, гинеколог, педиатр, уролог, УЗИ жана рентгендик текшерүүлөр өткөрүлдү.

Жалпысынан аталган аймактардан 400гө жакын жарандар акысыз кароодон өтркөрүлдү. Балдарга, аялуу катмардагы аялдарга, көп балалуу энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өзгөчө көңүл бурулду.