24-апрелден 29-май айларынын аралыгында төрт аймакта 500дөн ашуун жашоочуларга “Мамлекеттик кызматтарды алуудагы санарипттик сабаттуулукту күчөтүү” тууралуу окутуу өткөрүлдү. Ошондой эле “Түндүк”, “Санарип Клиник”, “Мегапей” жана “Earlyone” тиркемелерин жүктөп, маалымат алышты.

Алар “Манас-Ата” аймактык башкармалыгындагы үй-жатакана жашоочулары жана “Алымбек Датка” аймактык башкармалыгындагы Алай 1, Алай 2, Эдельвейс конуштарынын тургундары. Аталган конуштардан Алай 1, Алай2 жана Эдельвейстен эки жүзгө жакын жашоочу маалымат алса, үй-жатаканаларынан үч жүздөн ашуун адам окутуудан өткөрүлдү.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылууда.