Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында «Мамлекеттик кызматтарды алууда санариптик сабаттуулукту күчөтүү” багытында жашоочуларга төрт күндүк тренинг өткөрүлдү.

Аталган окутуу «Алымбек датка» аймактык башкармалыгындагы «Алай 1», “Алай 2”, “Эдельвейс” конуштарынын тургундары  жана “Манас-Ата” аймакттык башкармалыгындагы үй-жатакана жашоочулары үчүн өткөрүлдү.

Анда,  мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр парталынын “Түндүк” мобилдик тиркемеси, “Megapay”, “Санарип клиник”, “Early one” тиркемелери жана расмий веб-сайттар аркылуу маалымат алуу, мамлекеттик органдар менен байланышуу тууралалуу маалымат алышты. Ошондой эле, Мамлекеттик Салык кызматынын адиси “Салык төлөө” жана “Декларация” боюнча толук маалымат берди.

Жалпысынан жүзгө жакын жашоочу окутулду. Ар бир катышуучу жыйрамадан ашык адамга маалымат берет.

Тренингдин максаты, жарандардын мамлекеттик маалыматтык кызматтарды колдонууда онлайн кызмат көрсөтүү аркылуу көндүмдөрүн жогорулатуу,  жашоо шартын жеңилдетүү жана  алган билимдерин санариптештирүү чөйрөсундө натыйжалуу пайдалануу, социалдык тармакттарды колдонууга окутуу.