Ош шаарындагы “Алымбек датка” (Туран) муниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Алай 1”, “Алай 2”, «Эдельвейс» конуштарында жана «Манас-Ата кичи районундагы жатакана жашоочуларына “Нооруз бизди бириктирет” аттуу элди ынтымакка чакырган иш-чара болуп өттү.

Анда сүмөлөк кайнатылып, досторкон жасалып жана концерттик иш-чара менен коштолду. Ошондой эле аталган иш-чаранын ачылуу аземине минуципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, ачып беришти.

Нооруз эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет.  Бул күнү күн менен түн теңелет. Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды аластайт. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.