Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана экологияны тазалоо максатында «Менин конушум — жашыл конуш» аттуу ишембилик жана көчөт отургузуу иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарада Ош шаарындагы «Алымбек Датка» (Туран) муниципалдык аймактык башкармалыгындагы «Алай 1», «Алай 2», «Эдельвейс» конуштарында жана «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгына 1162 түп көчөт отургузулду.

Көчөт отургузуу иш-чарасына эл жигердү катышып, таштандыларды тазалоо менен биргеликте, көчөттөрдү жол бойлоп отуругузушту. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкаганыда Ош шаарында үч айлык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жарыяны жүрүп жатат.

Буга улай, Швейцариянын колдоосу менен ишке ашырылган «Аракет-Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоору, төрт конушка ийне жалбырактуу, дуб, каштан жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү отургузууга демөөрчүлүк кылып, ишке ашырды.

Аталган көчөттөр «Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагында 23-мартта «Алай 1» жана «Алай 2» конуштарында көчө бойлой отургузуу иштери менен башталып, 5-апрель «Манас-Ата» кичи районундагы 6 мектеп, 4 бала-бакчага жана Ош облустар аралык тери-венерология орууканасына көчөттөрдү отургузуу менен жыйынтыкталды.