6-март күнү, Ош шаардык кеңештин депутаттары “Туран” аймактык башкармалыгындагы “Алай 1”, “Алай 2”, “Эдельвейс” конуштарындагы жана “Манас-Ата” кичи районундагы жатакана тургундары менен жолугушту. Депутаттар көйгөйлөрдү жеринде угуп, көрдү.

Ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери катышып, көйгөйлөрдү жеринде көрүп чагылдырышты. Анда “Ош Тв”, “Ош Пирим”, “Турмуш” жана “Т-Медиа” телеканалдарынын журналисттери болду.

Депутат Аскат Токтосунов “Алай 1” конушундагы бир көчөгө шагыл төктүрүп берүүнү убадалады. Ага кошумча шаардык кеңештини депутаттары отурумда электр мамычлары тууралуу сөз көтөрөрүн айтышты.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.