20-22-декабрь күндөрү социалдык тармактарды пайдалануунун жолдору жана жалган маалыматтарды иргеп алуу максатында «Манас -Ата» аймактык башкармалыгындагы жатакана туругундарына жана Туран аймактык башкармалыгындагы «Эдельвейс», «Алай 1», «Алай 2» конуштарынын жашоочуларына «Социалдык тармактын күчү” боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Жалпысынан жүзгө жакын жашоочу катышып, аталган конуштардын жергиликтүү демилгелерди көтөргөн баракчалары ачылды. Социалдык тиркемелер тууралуу кененирээк маалымат алышты.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.