14-декабрь «Туран» коомдук кеңешинин отуруму болуп өттү. Анда активисттер кичи коомдук кеңештин жобосун жана учурдагы «Алай 1», «Алай 2» жана «Эдельвейс» жаңы конуштарындагы актуалдуу көйгөйлөрдү карашты.

Туран муниципалдык аймактык башкармалагынын башчысы Венера Паизова катышып, аталган аймактагы көйгөйлөр боюнча активисттердин суроолоруна жооп берди. Ага кошумча кийинки жылдын пландары боюнча талкуу болду.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.