2022-жылдын ноябрынан 2024-жылдын январына чейин БУА “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору”  Азия-Тынч океан аялдар, укук жана өнүгүү форумунун колдоосу менен “FPAR Саякаты” (Feminist Participatory Action Research — FPAR)  долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды – Аялдардын изилдөөсү APWLD (Asia Pacific Forum on Women, Law and Development Өнүгүү ), Борбордук Азиядагы 2022-2024-жылдардагы мигрант аялдарга арналган (CA FPAR).

Борбордук Азиядагы миграция боюнча FPARдын максаты — мигрант аялдардын далилдүү коомчулукка негизделген изилдөө жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана аялдар үчүн активдүү жана укуктарын коргоо аркылуу мигрант аялдардын адам укуктарын илгерилетүү жолунда Борбордук Азиядагы мигранттардын жамаатын бекемдөө жана адилеттүү өнүгүүгө жеткирүү.

Негизги изилдөөнүн маселеси:

1. Ички мигрант аялдар Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда көп кыйынчылыктарга туш болуусу;

2. Ички мигрант аялдар өз укуктарын коргоону билбегендиги;

3. Ички мигрант аялдар өз жашоо шарттарын жакшыртууга кандай аракеттерге жетүү жана көйгөйлөрдү  чечүүчү жолдорун тилектештик менен чечилээрин билбегендиги.

Жалпысынан бул долбоорго Ош шаарында жашап жаткан — 350 ички мигрант аялдар катышкан, анын ичинен 100 (28,57%) аял алдын ала изилдөө консультациясына, 100 (28,57%) аял анкета сурамжылоого, 125 (35,71%) аял окутуу тренингтерге жана 25 (7,14%) ички мигрант аялдар изилдөөчү командасында иш алып барган.

Аталган “FPAR Саякаты” долбоорунун алкагында жаш изилдөөчү жана насаатчы менен биргеликте  жыйырма беш ички мигрант аялдарга адам укуктары, БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана башка эл аралык укуктар  боюнча билим денгээлин көтөрүп, жана FPAR изилдөөнүн дизайн  иштеп чыгуу аркылуу алардын потенциалын ийгиликтүү жогорулатты.

Андан кийин  Ош шаарынын үй-бүлөөлүк жатаканаларынын биринде жашаган Кызбурак  аттуу айым менен социалдык ролик  тартууга басым жасалган. Кызбурак 2023-жылдын январында FPAR  менен алдын ала кеңешүүгө катышкан жана аялдардын изилдөөсүнөн кабардар эле. Ал өзүнүн кыялдары, максаттары, ошондой эле ички мигрант аялдар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берген видеоролик даярдалып, аялдардын изилдөө тобунун “FPAR Osh” Instagram баракчасына жүктөлгөн. Мындан тышкары, жаш изилдөөчү Мажитова Аселдин («Айылдан шаарга жол») жана изилдөөчү командасындагы Макыева Миленанын («Жаңы миң жылдыктын мууну») интервьюлары жергиликтүү редакция “Ош жаңырыгы” гезитинде жарыяланды.

2023 жылдын 27 апрель айында «Альянс» парламенттик фракциясынын — Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Жогорку Кенешинин депутаты Алимжанова Нилуфар Якубжановна “FPAR” изилдөө командасы Ош шаарынын  ички мигрант аялдар менен онлайн конференция уюштурулган. Катышуучулар депутатка ички мигранттардын көйгөйлөрүн айтып жана өлкөнүн мамлекеттик саясатында жана жергиликтүү деңгээлде ички мигранттардын кызыкчылыктарын жана укуктарын илгерилетүүдөгү кырдаалга байланыштуу актуалдуу маселелерди көтөрүшкөн.

“Гендерлик зомбулукка каршы 16 кундук активдүүлүк” глобалдык кампаниясына карата “FPAR” изилдөөчү командасы Ош шаарынын ички мигрант аялдарына арналган “Аялдардын укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы ички мигрант аялдар үчүн негизги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү” темасында тренинг өткөрүлгөн. Мамлекеттик портал “Түндүк” тиркемесине арналып, спикер-Санарип Ош муниципалдык ишкананын орун басары Талант Масалиев катышуучуларга тиркемени кантип колдонууну жана Түндүк аркылуу кандай мамлекеттик кызматтар бар экенин ачык көрсөтүп берген.

2023-жылдын 18-декабрында Ош шаарындагы Тес  мейманканасында FPAR саякатынын алкагында ички мигранттардын аялдары үчүн маанилүү иш-чара өткөрүлгөн. Аялдын психологиясы жана анын үй-бүлөөдөгү маанилүү ролуна арналган тренинг Эл аралык мигранттардын күнүнө карата уюштурулган. Алып баруучу катары тажрыйбалуу тренер, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Нуркыз Кадырбековна.

Кошумчалай кетсек, маалымат алмашууну жана юридикалык кеңеш берүүнү жакшыртуу үчүн WhatsApp тиркемесинде группа ачылган. Бул тайпада катышуучулар маалыматтарды бөлүшө алышат, маселелерди талкуулай алышат жана юристтен онлайн консультацияларды ала алышат, бул мындан ары көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн натыйжалуу стратегияларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Бул долбоор ички мигрант аялдардын потенциалын жогорулатууга жана алардын коомго адаптацияланышы жана укуктарын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.