«Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» максатында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында каржыланып, “Адам укуктарынын Эдвокаси борбору”, “Карылар үчун ресурстук борбору”, “Арыш” коомдук бирикмеси, “Кыргызстандын тоо коомдорун өнүктүрүүнү колдоо программасы” коомдук фонду жана “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду” бирикмеси менен биргеликте Ош жана Бишкек шаарларында ишке ашырылат.

“Аракет” долбоору Бишкек шаарындагы  “Дордой-2”, “Ак-Ордо-2”, “Ак-Ордо-3”, “Эркин-Тоо”, “Алтын-Казык”, “Адилет” жана “Акжар” конуштарын, Ош шаарындагы “Алай-1”, “Алай-2”, “Эдельвейс” конуштарды жана “Манас-Ата” кичи районундагы жатканаларды камтыйт.

Долбоор  мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жеке сектордун субъектеринин, анын ичинде жаңы конуштарда иштеген ишканалардын катышуусу менен иштеп жаткан системанын алкагында ишке ашырылат.

Аталган долбоордун түпкү максаты 12 жыл өткөндөн кийин, долбоор жаңы конуштарда жашаган калктын аярлуу жана жекеленген топтордун шарттарын түздөн-түз жашыртып гана койбойстон, жаңы конуштардын жашоочулары менен бийлик органдарынын ортосунда, келечекте долббоордон көз каранды болбогон, кызматташуу үчун жагымдуу шарт түзүү болуп саналат.

Ошондой эле үч компонентке басым жасайт. Биринчи компонент — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды чечүү үчун тез жооп берүүсү. Экинчи компонент — жаңы конуш жашоочуларынын мамлекеттик жана коомдук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу. Үчүнчү компонент — жаңы конуштарда жашаган аялдар үчүн жумуш жана киреше мүкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Биринчи жана экинчи компоненттерин “Адам укуктарынын Эдвокаси борбору” Ош шаарындагы аталган төрт конушта ишке ашырат. Өткөн жыл ичинде калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.  Анда Эдельвейс конушундагы мектеп жана жол көйгөйлөрү, Алай 1, Алай 2 конушунтарындагы мектеп жана суу көйгөйлөрү, Манас-Ата кичи районундагы бала-бакча жана экология көйгөйлөрү тууралуу демилгелер көтөрүп, чечилүү үстүндө иштер жүрүп жатат.

 Конуштарда жашаган тургундардын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында экологиялык, спорттук, маданий иш-чаралар өткөрүлүп, жергиликтүү жана менчик жалпыга малымдоо каражаттары (журналистер) менен жолугушуулар уюштурулуп, теле көрсөтүүлөргө тартылды.