20-августта «Аракет» долбоорунун алкагында Ош шаарынын Алай 2 конушунда курулуп жаткан «Аракет» аллеясынын аймагында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке 50гө жакын конуштун тургундары, №70 орто мектептин мугалимдери жана жергиликтүү активисттер катышты. Катышуучулар аллеянын аймагын таштандылардан тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ишембилик жергиликтүү тургундардын өздөрү жашаган аймакты таза жана көрктүү сактоого болгон жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды. Ошондой эле иш-чара тургундардын биргелешип иш алып баруусуна жана коомдук жайларды жакшыртууга активдүү катышуусуна шарт түздү.

«Аракет» аллеясы Ош шаарынын мэриясы жана Аракет долбоорунун менен биргеликте Алай 2 конушунда жашоочулар үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүү максатында курулууда. Аллеянын аймагы жашоочулардын эс алуусу, сейилдөөсү жана коомдук иш-чараларды өткөрүүсү үчүн ыңгайлуу жайга айланат.

Ишембилик Алай 2 конушунда жашоочулар үчүн таза, жашыл жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган иштердин бир бөлүгү.