6-август күнү «Аракет» долбоорунун алкагында Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында Координациялык кичи кеңештин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жана «Аллея» көзөмөл жүргүзүү тобунун мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды. Анын алкагында Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында курулуп жаткан аллеянын учурдагы абалы жана аны пайдаланууга берүү маселеси, ошондой эле аталган жаңы конуштарда курулуп жаткан поликлиниканын курулуш иштеринин жүрүшү каралды.

Мындан сырткары, Эдельвейс жаңы конушундагы суу менен камсыздоо маселеси жана суу тарифин аныктоо боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйындын соңунда катышуучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, алдыдагы иштер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.