Бүгүн, 21-ноябрь Ош шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында Диалог аянтчасы өткөрүлдү. Бул иш — чарага мэриянын өкүлдөрү жана шаардык кенештин депутаты катышты. Анда Эделвейс, Алай1 жана Алай2 кварталдарынын жашоочуларынын жол жана мектеп тууралуу көйгөйлөрү талкууланды.

Эскерте кетсек, Аракет долбоорунун алкагында Т-Медиа телекомпаниясы менен биргеликте видео репортаж аркылуу Ош шаарына караган Эдельвейсдин тургундарынын жол көйгөйлөрү, жана Алай1 Алай2 кварталдарында көп жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектеп жөнүндө чагылдырылдырган. Анда, Эдельвейс конушуна алып баруучу жолдун абалы начар болгондуктан, маршрутка каттабайт. Окуучулар мектепке жетүү үчүн 6 чакырым жолду жөө басып, анан кичи автобуска түшүп, мектепке катташат.

Ошондой эле Алай1,2 кварталында жашаган 9 минден ашык жашоочулардын балдары, Оштун ар кандай мектептеринде чачылып билим алат.

Аталган аймактардын жашоочулардын жол көйгөйлөрүнө жана мектеп жөнүндө мэрия тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттери айтылып, ачык талкуу жүргүзүлдү. Катышуучулар суроолоруна так жооп алууга аракет кылышты.

Диалог аянтчасы жалпысынан Эдельвейс, Алай1,2 кварталдарынын тургундары жана көйгөйдү чечүүгө дайындалган тиешелүү кызматкерлер менен өткөрүлдү.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу»

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.