22-ноябрь, Ош шаарынын Мэриясында Диалог аянтчасынын 2-талкуусу өттү. Бул жолку ачык талкуу Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районундагы жатаканалардын жашоочуларынын балдары үчүн бала бакча көйгөйүн чечүү жолдору каралып, тургундар суроолоруна жооп алышты.
Бала бакча көйгөйүн ачык талкуулоо үчүн шаардык кеңештин өкүлдөрү, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын орун басары жана шаардык архитектура кызматкери катышты.
Аталган кичи райондо калк жыш жайгашкан. 63 миң адам жашаганы менен мамлекеттик үч эле бала бакча бар. Учурда көйгөйдү чечүүдө бала бакча катары Ош мамлекеттик университетине караган имаратты колдонуу үчүн мамлекетке өткөрүп алуу иштери жүрүп жатканын мэрия кошумчалады. Толуктай кетсек аталган имарат 2006-жылга чейин бала бакча болгон.
Иш-чара “Аракет — Кыргызстандын жаны конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору” тарабынан уюштурулду.