28-февраль, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берди.


Анда жергиликтүү жашоочулар тарабынан аймактагы газ, суу, жол жана башка орчундуу маселелер көтөрүлүп, сунуштар айтылды.


Ошондой эле “Аракет” долбооруна кирген аймактын жашоочулары жана демилгечи топтун мүчөлөрү дагы катышты. Алар кичи гранттар аркылуу чечилүүчү көйгөйлөрдүн техникалык документтерин тездетүүнү жана көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелерге шаар башчысына көңүл буруусун суранышты.