27-февраль, Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу болду.

Коомдук угууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К. Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди.

Ошондой эле, Ош шаарындагы Швейцария тарабынан ишке ашырылган “Аракет” долбоорунун алкагындагы “Алай 1”, “Алай 2”, “Эдельвейс” конуштары жана “Манас-Ата” аймактык башкармалыгындагы жатакана жашоочуларынын активисттери катышты.

Анда шаардын бюджети кандай бөлүнүп жатканы боюнча таанышып, ага кошумча жаңы конуштардын көйгөйлөрү боюнча өз сушунтарын беришти жана суроолоруна жооп алышты.