21-февраль күнү «Манас-Ата» кичи районунда Ош шаарынын мэринин эл менен жолугушуусу болуп өттү. Анда аталган райондогу үй-бүлөлүк жатаканын тургундары, «Аракет» долбоорунун активисттери катышып, балдар-бакчасы, балдар аянчасы, таштанды, канализация жана экологияга байланыштуу маселелердин чечилиши боюнча суроолорду көтөрүштү.