Бүгүн, 15-февраль “Аракет” долбоорунун алкагында мэриянын алдында түзүлгөн координациялык кенештин отуруму болуп өттү.

Анда, максаттуу жаңы конуштардын кичи гранттар аркылуу чечилүүчү көйгөйлөрүнүн суроолору талкууланды. Ошондой эле артыкчылыктуу көйгөйлөрүн шаардын өнүктүрүү программасына киргизүү боюнча талкуу болду.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.