9-февраль “Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болуп өттү. Анда долбоордун алкагынлагы «Алай 1», «Алай 2», «Эдельвейс» жаңы конуштарынын жана «Манас-Ата» аймактык башкармалыгындагы үй-жатаканаларынын көйгөйлөрүнүн чечүү жолдору боюнча талкуу болду.

Аталган жолугушууда ар бир көйгөй боюнча депутаттар өз пикирлерин ортого салышты. Жолугушуунун жыйынтыгында, депутаттар биринчи эле мүмкүнчүлүктө көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылабыз деп макулдашышты.

Мындан сырткар, “Аракет” долбоору менен кызматташуу үчүн активдүү депутаттардын демилгелүү тобун түзүүнү чечишти.

Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.