Ош шаарында өткөн иш-чарада мектеп окуучулары 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу баштаган алдыңкы спортчулар менен жолугушту. Бул иш-чара “Аракет” долбоорунун алкагында уюштурулуп, Ош шаардык жаштар комитети жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен өнөктөштүкдө өткөрүлдү.

Иш-чарага долбоордун алкагында Ош шаарындагы төрт конуштан жүзгө жакын мектеп окуучулары катышты. Спортчулар менен жолугушуу учурунда окуучулар кызыккан суроолорун берип, спортту каалаган тармакта ийгиликтүү айкалыштыруу жолдорун угулашты. Спортчулар арасында Мунарбек Сейитбек уулу өзүнүн Олимпиададагы жеңишинин тарыхы менен бөлүшүп, жаштарга мотивация берип, ийгиликке жетүү үчүн эмгек жана туруктуулуктун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чарада «Спорт — ден соолукту чыңайт, эмгек — туруктуулукту сынайт» деген темада спорттук талкуулар болуп, окуучулар өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле, кызыктуу суроо-жооп оюндары уюштурулуп, окуучулардын билимин жана спортко болгон кызыгуусун арттырды.

Иш-чаранын максаты — жаштарды спортко тартуу жана алардын дене тарбиясына болгон кызыгуусун көбөйтүү. Талкуулар жана жолугушуулар аркылуу окуучулар спорттун маанисин түшүнүп, өздөрүнүн келечегине жол ачкан ийгиликтерге жетүү үчүн аракет кылышты.