Ош шаарындагы «Манас-Ата» микрорайонунда эки заманбап оюн аянтчасы курулуп, дагы бири толугу менен жаңыланды. Салтанаттуу ачылыш аземи 2025-жылдын 14-февралында өттү.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул аймактагы үй-бүлөлөр үчүн кубанычтуу жаңылык – эми балдар коопсуз жана ыңгайлуу оюн аянтчаларында эркин ойной алышат.

Аталган балдар аянтчалары Уркуя Салиева 3-5 жана 33-35 көчөлөрүндө жайгашкан үй-жатканаларынын алдына курулган. Бул демилге жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлүп, Ош шаардык мэриясы тарабынан Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылды. Жалпы долбоорго 3,5 млн сом бөлүнүп, анын 2,5 млн сому швейцариялык «Аракет» долбоору аркылуу каржыланса, 1 млн сом Ош шаардык мэриясы тарабынан берилди.

«Манас-Ата» конушу көп батирлүү жатаканалар жайгашкан жыш калктуу аймак. Ар бир жатаканада 200дөн ашуун үй-бүлө жашайт. Буга чейин бул конушта балдар ойной турган атайын аянтчалар жок болгондуктан, алар унаалар көп өткөн жолдун аркы өйүзүндөгү спорттук аянтта ойноого аргасыз болушчу. Бул алардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жараткан. Жергиликтүү тургундар коопсуз жана жеткиликтүү оюн аянтын түзүү демилгесин көтөрүп, шаардык мэриянын колдоосу менен бул демилге ишке ашырылды.

Швейцариянын «Аракет» долбоору Бишкек жана Ош шаарларындагы 11 жаңы конушту колдоого алып, жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга жардам берет. Бул долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргызстанда GFA Consulting Group тарабынан Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору коомдук фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

В микрорайоне «Манас-Ата» города Ош построены две современные детские площадки, а одна существующая была полностью реконструирована. Торжественное открытие состоялось 14 февраля 2025 года.

На мероприятии присутствовали представители мэрии города Ош и местные жители. Это стало значимым событием для семей микрорайона, поскольку теперь у детей есть безопасное и комфортное место для игр.

Проект был инициирован местным сообществом и реализован мэрией города Ош при поддержке правительства Швейцарии. Общая стоимость строительства составила 3,5 млн сомов, из которых 2,5 млн сомов были выделены швейцарским проектом «Аракет», а 1 млн сомов профинансировала мэрия Оша.

Микрорайон «Манас-Ата» — густонаселённый район с многоквартирными общежитиями, в каждом из которых проживает более 200 семей. Ранее в этой части города не было специально оборудованных игровых зон, и детям приходилось играть на спортивной площадке, расположенной через оживлённую дорогу, что создавало серьёзные риски для их безопасности. По инициативе местных жителей при поддержке мэрии был создан безопасный и доступный игровой комплекс для детей.

Швейцарский проект «Аракет» поддерживает 11 новостроек в Бишкеке и Оше, помогая улучшить условия жизни местных жителей. Инициатива финансируется правительством Швейцарии и реализуется в Кыргызстане GFA Consulting Group в партнёрстве с АНПО «Эдвокаси центр по правам человека».

Two new and modern playgrounds have been built in the «Manas-Ata» neighbourhood of Osh, and one more has been completely renovated. The grand opening of the playgrounds took place on 14 February 2025.

The event was attended by representatives of the Osh city administration and local residents. This was a significant occasion for families in the neighbourhood, as children now have a safe and comfortable environment to play.

The project was initiated by the local community and implemented by the Osh city administration with the support of the Swiss Government. A total cost of the construction was 3.5 million soms, where 2.5 million soms was contributed by the Swiss Araket project, while the Osh city administration contributed 1 million soms.

The «Manas-Ata» neighbourhood is a densely populated area with multi-apartment dormitories, each housing more than 200 families. Previously, there were no designated play areas for children in this part of the city, forcing them to play on a sports ground across a busy road, posing significant safety risks. Local residents initiated the creation of a safe and accessible space for children, with support from the city administration.

The Swiss Araket project supports 11 new settlements in Bishkek and Osh, helping to improve the living conditions of local residents. The initiative is funded by the Swiss government and implemented in Kyrgyzstan by GFA Consulting Group in partnership with the NGO «Advocacy Center for Human Rights.»