14-апрелде «Аракет» долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Алай-2 конушунда экологиялык акция уюштурулду. Иш-чарага М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун студенттери катышты.
Акциянын жүрүшүндө долбоордун колдоосу менен түзүлүп жаткан «Аракет» аллеясында аймакты тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында катышуучулар көчөттөргө суу куюп, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле иш-чарага жергиликтүү тургундар жана активисттер кошулуп, демилгени колдошту.
Экологиялык акциянын негизги максаты — жаштардын жана жергиликтүү жамааттын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоого болгон жоопкерчиликти күчөтүү жана жашыл аймактарды көбөйтүү аркылуу шаардык чөйрөнү жакшыртуу болуп саналат.





