2025-жылдын 18-июнунда “Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаардык кеңешинин депутаттары Алымбек Датка муниципалдык аймагындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын арасында ичүүчү жана сугат суунун жетишсиздиги, ички жолдордун начар абалы, коомдук транспорттун жетишсиздиги, газ жана канализация маселелери өзгөчө белгиленди. Тургундардын айтымында, жолдордун сапатынын начардыгынан маршруттук каттамдар аймакка кирбей, эл жөө жүрүүгө аргасыз болууда. Суунун жетишсиздиги болсо жай мезгилинде дыйканчылык иштерине чоң тоскоолдук жаратып жатканын айтышты.
Жолугушуулар 20-июнда да улантылып, депутаттар Эдельвейс конушунун жашоочулары менен жолугушуп, суу, таштанды, ички транспорт, жол жана жарыктандыруу маселелери боюнча сунуш-пикирлерди угушту. Мындан тышкары, тургундар Тюльпан конушундагы насостук станцияны жаңылап берүү өтүнүчүн айтышты.
Ошондой эле Манас Ата кичи районундагы үй-бүлөлүк жатаканалардын жашоочулары менен жолугушуу өтүп, анда суу, жарыктандыруу, балдар аянтчасынын жетишсиздиги жана таштанды маселелери көтөрүлдү.
Депутаттар көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү шаардык кызматтар менен биргеликте карап чыгууга убада берип, чечим кабыл алуу процессинде тургундардын пикирлери жана муктаждыктары эске алына турганын белгилешти.
Жолугушуулар “Аракет” долбоорунун жарандык катышууну арттыруу жана жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун өз ара байланышын жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.











