Ош шаарынын аймагында “Аракет” долбоорунун алкагында жашылдандыруу иштерине багытталган иш-чара өткөрүлүп, бир катар билим берүү жана саламаттык сактоо мекемесине көчөттөр отургузулду.
Долбоордун алкагындагы максаттуу конуштарда жайгашкан үч мектепке Нурлан Сайдиев атындагы №52 орто мектеби, №27 мектеп жана №70 мектепке көчөттөр тигилди. Мындан тышкары, Эдельвейс конушундагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) аймагына да жашыл өсүмдүктөр отургузулду.
Жалпы жонунан 300 түп көчөт эгилди. Анын ичинен 180 түп роза гүлү болсо, калган бөлүгүн декоративдүү өсүмдүктөр түзөт. Алардын катарына арча, можжевельник, ак кайың жана павловния сыяктуу көчөттөр кирет.
Бул иш-чара аймакты көрктөндүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана жашоочулар үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө багытталган. Долбоор уюштуруучулары мындай демилгелер мындан ары да улантыларын белгилешти.











