Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү Ян Мишлер Ош шаарына келип, “Аракет” долбоорунун 1- жана 2-компоненттеринин алкагында жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

Иш сапардын алкагында ал “Адам укуктары боюнча Эдвокаси борборунун” командасы менен жолугуп, Ош шаарындагы максаттуу төрт аймакта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана алардын жыйынтыктары тууралуу пикир алышты. Ошондой эле, жер мунапыс маселеси боюнча иш алып барган адистер менен жолугушуп, бул багытта аткарылган иштер боюнча маалымат алды.

Мындан тышкары, Ян Мишлер Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен жолугуп, жергиликтүү бийлик менен кызматташтык багытындагы маселелерди талкуулады.

Сапардын соңунда ал долбоордун активдүү катышуучулары менен баарлашып, алардын “Аракет” долбоору боюнча пикирлерин жана бул демилге алардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөргө алып келгенин угууга мүмкүнчүлүк алды.