АрхивПубликации

2010-жылдагы коогалаӊда курман болгон жарандын жесири кайын журту менен компенсациялардын айынан үч жылдан бери соттошуп келе жатат

By 01.07.2013 18 ноября, 2020 No Comments

Казакстан  жараны Гүлнара Ибраева бир нече жыл мурда Оштук жаран Наби Абдаразмановго турмушка чыккан. Ал 2010-жылдагы коогалаӊда курман болгондон кийин мамлекет тарабынан анын жакындарына берилген компенсациялар анын инисине тийген. Анткени Набинин аялы болгон Гүлнарады Кыргыз жарандыгы жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүгү жок болчу. Учурда Гүлнара кайниси менен соттошуп жатат.
Ага адам укуктары боюнча «Эдвокаси борбору» тарабынан адвокат Алина Жакыпбаева жалданып берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Гульнара Ибраева өз тагдыры тууралуу журналисттер менен байланышуу үчүн өз кол телефонунун номурун жарыялады.