Шамиль Джумабаев кармалган учурда өспүрүм куракта болчу. Ал достору менен унаада бараткан. Окуя ушул жылдын

Шамиль Джумабаев кармалган учурда өспүрүм куракта болчу. Ал достору менен унаада бараткан. Окуя ушул жылдын парель айынын аягында болгон. Анны кармоонун себеби түшүнүксүз.

Шамильдин атасы Кенжебек Джумабаев баласы милиция кызматкерлери тарабынан токтоктолгонун айтууда. Башына желим баштык кийгизилип, таманына таяк менен сабаганын билдирүүдө.
«Бир канча кыйноолордон кийин менин балам жана анын достору кылбаган кылмышын мойнуна алууга аргасыз болушкан. Сурак убагында уулумдун мыйзамдуу өкүлү катышкан эмес. Булл мыйзамды одоно бузу дегендикке жатат», — дейт Кенжебек Джумабаев.
Шамилдин иши боюнча адам укуктары боюнча эдвокаси борбору адвокат Айгуль Матиеваны ага жалдап беришкен. Адвокаттын айтымында кармалгандардын баш коргоо чарасын тандоодо сот катачылыкка жол берген. Көрсөтмө жумуш күнүнөн кийин түнкү саат ондо берилген. Кармалган 4 баланын үчөө боштондукка чыгарылып, өспүрүм курактагы шамил камакта калтырылган. Боштондукка чыгарылгандардын экөө Чүй облусунун тургундары, бирөө мурда соттолгон болчу. Сот буларга маани берген эмес» -деди.
18-апрельде экинчи инстанциядагы сот болду. Анда сот Шамиль тарабынан күнөөнү мойнуна алганын, келтирилген зыянды калыбына келтиргенин жана өспүрүм куракта экенин эске алып, аны шарттуу соттоп, эркиндикке чыгарган. Бирок андан көп өтпөй, Шамил андан башка кылмыш боюнча кайра камакка алынганы малым болду.