Ушул жылдын апрель айынын аягында кыска мъънътүү чакан грантык сынакка долбоорлорду кабыл алуу аяктаган. Демилгелерди

Ушул жылдын апрель айынын аягында кыска мъънътүү чакан грантык сынакка долбоорлорду кабыл алуу аяктаган. Демилгелерди колдоо программасын «Эдаокаси борбору» ишке ашырган. Аталган долбоор ОБСЕнин оштогу ъкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынган.
Сынакка жалпы 12долбоор катышты. ОБСЕнин жергиликтүү бюросунан түзүлгън комиссия адам укуктары боюнча «Эдвокаси борборунун» жетекчиси Женишбек Тороевдин катышуусу менен бардык долбоорлорду карап чыгышты. Узак талкуулардан кийин 6 долбоорду дароо колдоо чечими кабыл алынды.
Сынактын жыйынтыгы боюнча колдоого ээ болгон долбоорлордун тизмеси:
1. Омбудсмендин түштүк аймактык аппараты. Долбоор: «Психиатриялык мекемелердеги оорулуулардын укугун коргоо жана маалымат алуу укугун камсыздоо (Оштогу ООЦПЗ жана Кызыл-Жардагы РПБ)».
2. «Позитивдүү баарлашуу» коомдук фонду, «Паспортко тиркеме»,
3. «Cмайл.kg» Коомдук фонду, «Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эмгекке болгон укугунун алиппеси»,
4. «Ордлуу Мырзаке» коомдук уюму, «Ъзгън районунда коомдук кабыл алуу борборун ачуу»,
5. Аймактык Гуманитардык Форум – РГФ, «Билим жана укук аркылуу жемиштүү ънъктъштүк!»
6. Кыргызстандын түштүгүндъгү кайгылуу окуялардан жапа чеккендерге колдоо кърсътүү коомдук фонду «Ош шаарын реконструкциялоого байланыштуу үйлърү бузулууга туш келгендерге укуктук жактан жардам берүү».
Жакынкы убактарда колдоого алынган долбоорлор каржылана баштайт. Анын аткарылышын «Эдвокаси борбору» къзъмългъ алат. Долбоордун координатору Таиргүл Чокмоева, байланыш телефону (03222) 46232, 20130.