“Аракет” долбоорунун алкагында, Ош шаарындагы “Алымбек Датка” муниципалдык башкармалыгындагы Алай 1, Алай 2, Эдельвейс жаңы конуштарында жана Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы жатаканаларда жашаган жаштар үчүн медиа мектеп программасы июль айында башталган.

Анын негизги максаттары жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу, лидерликке жана заманбап технологияларды, көндүмдөрдү үйрөтүү менен биргеликте өздөрү жашаган конуштагы жашоочулардын көйгөйлөрүн социалдык тармактары аркылуу чагылдыруу.

Программанын алкагында жаш активисттер конуштарындагы экологиялык көйгөйлөр, балдардын билим алуусундагы кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар, социалдык имараттардын жетишсиздиги жана миграция тууралуу чагылдырышты.

Аталган конуштардын жаш активисттери ар бир жумадан бирден видео контент тартып, бир ай ичинде 20 видео материалдарды даярдалып жүктөлдү. Жалпысынын 20 миңден ашык көрүүчүнү кызыктырып, көрүүчүлөрдүн колдоолоруна ээ болуп, эстафета аркылуу улантышты.

Анда, ар бир конуштардын жеке баркачалары түзүлүп, жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пикирлерин калтырышып колдоо көрсөттү. Жигердүү чагылдырган командаларга эс алуучу жайларга, китеп дүкөндөрүнөн жана аксессуар сатуучу дүкөндөрдөн белектер берилди.