Ош шаарында 19-20-февраль күндөрү “Аракет” долбоорунун колдоосу менен эки күндүк окутуу өткөрүлдү. Окутуу Ош шаардык мэриясынын, муниципалдык ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктын жана ишкерлер чөйрөсүнүн кызматкерлерине багытталып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу маалыматтар берилди.


Иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, экономиканын артыкчылыктуу тармактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жол ачуу. Бул тренингте мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы өнөктөштүк стратегиялары жана аларды ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбалар талкууланды.


Тренингтин жүрүшүндө катышуучуларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизги принциптери жана алардын таасирдүү колдонулушу тууралуу кенен маалымат берилди. Мындан тышкары, иш-чарада муниципалдык деңгээлде долбоорлорду ишке ашыруудагы тоскоолдуктар жана мүмкүн болгон чечимдер жөнүндө да сөз болду. Ошондой эле, окутуунун алкагында жаңы долбоорлор тууралуу сунуштар катышуучулар тарабынан иштелип чыкты.


Бул иш-чара Ош шаарында экономикалык өсүштү жана жергиликтүү башкаруунун сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Тренинг жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин ийгиликтүү колдонууга шарт түзөт.


Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан ишке ашырылды.