30-майда Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарада катышуучулар “Аракет” долбоорунун алкагында аткарылган иштер, жетишилген жыйынтыктар жана алдыдагы пландар менен тааныштырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттарга максаттуу конуштарда өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жана жарандык демилгелер тууралуу маалымат берилип, аларды активдүү катышууга чакыруу жолдонду. Ошондой эле Координациялык кеңештин жана Кичи коомдук кеңештердин ишмердүүлүгү баяндалып, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.







