29–30-май күндөрү «Аракет» долбоорунун алкагында максаттуу аймактарда жашаган тургундар жана жигердүү жарандар үчүн конфликттерди башкаруу боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү жамааттардагы жана үй-бүлөлүк деңгээлдеги чыр-чатактарды алдын алуу, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, ошондой эле жабыр тарткандарга керектүү маалыматтык жана психологиялык колдоо көрсөтүү болду.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар конфликттердин пайда болуу себептери, үй-бүлөлүк зомбулук, гендердик теңсиздик, дискриминация, психологиялык жана юридикалык жардамдар тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле, практикалык көнүгүүлөр жана топтук иш-аракеттер аркылуу конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү ыкмаларын өздөштүрүштү.
Бул иш-чарага Алай-1, Алай-2, «Эдельвейс» жана «Манас-Ата» аймактарынан жалпы 25 тургун катышты. Катышуучулар мындай иш-чаралар коомдо түшүнүшүүнү жана биримдикти бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилешти.











