6-7-август күндөрү “Аракет” долбоорунун алкагында Алай-1 жана Эдельвейс конуштарынын жашоочулары үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тренинг өттү.

Иш-чара “Санариптик трансформация жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөр доорунда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу” темасынын алкагында уюштурулду. Тренингге жалпысынан 25 тургун катышып, заманбап санарип кызматтар тууралуу пайдалуу маалымат алышты.

Катышуучулар “Түндүк” электрондук платформасы аркылуу мамлекеттик кызматтарга кантип жетүү, “Санарип KG” тиркемесин колдонуу, жасалма интеллект менен иштөөгө жардам берүүчү ChatGPT платформасы, ошондой эле ФОМС (Мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) жана ИП (жеке ишкерлик) боюнча маалыматтар менен таанышышты.

Мындай тренингдер жарандардын санарип сабаттуулугун жогорулатып, мамлекеттик кызматтарды жеңил жана ыкчам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.