2026-жылдын 27–29-апрель күндөрү Ош шаарында муниципалдык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон консультациялык семинар өткөрүлдү. “Эл аралык гранттарды жана техникалык жардамды тартуу: Ош шаарынын мэриясы үчүн практикалык колдонмо” аталышындагы иш-чара үч күнгө созулуп, практикалык окутуу форматында уюштурулду.
Аталган семинар «Аракет» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине эл аралык донорлор менен иш алып баруу, гранттык каражаттарды тартуу жана долбоорлорду натыйжалуу башкаруу боюнча билимдерин тереңдетүүгө багытталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы №419 Тескемесинин талаптарына ылайык уюштурулду.
Семинардын негизги максаты – муниципалдык деңгээлде эл аралык жардамдарды тартуу механизмдерин жакшыртуу жана кызматкерлердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Катышуучуларга долбоордук документтердин толук пакетин даярдоо, комиссиянын баалоо критерийлери, ошондой эле көп кездешкен каталар боюнча кеңири маалымат берилди.
Үч күндүк программа алкагында катышуучулар долбоордун паспортун жана презентациясын түзүү, мониторинг жүргүзүү жана кварталдык жана жыйынтыктоочу отчетторду даярдоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Мындан тышкары, мэриянын ичинде донорлор менен иштөө боюнча ички процедураларды жөнгө салуу маселеси да талкууланды.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар нормативдик база жана комиссиянын ролу тууралуу толук түшүнүккө ээ болуп, долбоорлорду сапаттуу даярдоо жана баалоо талаптарына жооп берүү боюнча көндүмдөрүн бекемдешти. Ошондой эле тышкы жардам маселелери боюнча координаторду аныктоо жана 1991-жылдан берки долбоорлор боюнча маалыматтарды берүү боюнча иш-план иштеп чыгуу каралды.
Адистердин айтымында, мындай практикалык семинарлар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууга жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.








