Бүгүн, 4-июнь күнү Ош шаардык мэриясы менен “Аракет” долбоорунун ортосунда Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Бул демилге жергиликтүү тургундардын муктаждыгынан келип чыгып, коомчулуктун сунушунун негизинде ишке ашырылууда. “Аракет” долбоору жана Ош шаардык мэриясы биргелешип чакан гранттар механизми аркылуу маанилүү социалдык объекттин курулушун жүзөгө ашырууну пландаштырууда.
Поликлиниканын курулушу жаңы конуштардагы тургундардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Долбоордун алкагында калк үчүн сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүгө шарт түзүлүп, аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүлөт.







